Байырлашуужаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ж-а адамдын жаңы тиричилик шартына ыңгайланышы (байыр алышы).

Тирүү организмдер жашаган жерин которуштурбай эле, ошол чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу (мис., токойдун кыйылып жок болушунан, чөлдүү аймакты сугаруудан, сазды кургатуудан ж. б.) байыр алышы мүмкүн. О. эле адамга пайдалуу биоценоздорду көбөйтүү максатында тирүү организмдердин кандайдыр бир түрүн жаңы аймактарга ылайыкташтырып өстүрүү да байырлаштырууга кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2