Бакаев Ашырбек Бешкемпир уулу

Бакаев Ашырбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-ж. туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы) генерал-майор (2000). 1970-ж. СССР ИИМдин Оржоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамлекеттик педагокикалык институтунун филология факультетин (1985), КУУнун юридика факультетин (1999) бүткөн. 1975-95-ж. Алматы шаарында взвод командири, башкы полктун командири, Казакстандын Ички аскерлер штабынын начальнигинин орунбасары жана Республиканын гвардиясынын аскердик күжүрмөн даярдык бөлүмүнүн начальниги. Афганстанда Революцияны коргоо Башкы башкармалыгынын атайын жана ыкчам аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси болгон. 1995-97-ж. КР ИИМдин Ички аскерлер командачысынын 1-орунбасары штаб начальниги, 1997-99-ж. Ош, Жалал-Абад областында аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданы уюштурган жана анын командири, 1999-жылдан КР ИИМдин Ички аскерлер командачысы. 1999-ж. ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында террорчуларга каршы согуштук аракеттерде күжүрмөндүгү менен айырмаланган. Бакаев көптөгөн макала, монографиялардын жана КРнын Куралдуу Күчтөрүндө пайдаланылып жаткан 100дөн ашык аскердик терминдердин автору. «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Атамекенге кызмат кылгандыгы үчүн» 1-, 2-,3-даражадагы, Афганстандын 1-даражадагы Алтын жылдыз, Россиянын «Атамекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн», 1-даражадагы «Улуу Пётр» ордендери жана медалдар, жана Эрдик медалы менен сыйланган. КРнын Өкмөтүнүн Алтын Дипломунун лауреаты (2003)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4