Бакасова, Айна Бакасовна

Айна Бакасовна Бакасова (18.11.1958) – Кыргызстандагы так илимдер боюнча изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бири, техникалык илимдердин доктору (2015) жана кандидаты (2004), И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору, электр кубаты жаатында адис. Учурда – Каракөл шаардык кеңешинин депутаты.

Айна Бакасова, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл технологиялык институтунун кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, КМТУнун профессору. 20.01.2014.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Айна Бакасовна Бакасова – Кыргызстандын Нарын облусунун борбору Нарын шаарында 1958-жылдын 18-ноябрында туулган. Анын ата-бабасы Нарын районуна караштуу Ак-Булун кыштагынан болот.

1976-жылы Нарын шаарындагы № 1 Токтогул атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.

1981-жылы Фрунзе политехникалык институтун (азыркы Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин) аяктаган.

1981-1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун Каракөлдөгү факультетинде окутуучу болгон.

1993-95-жылдары аталган факультет Жалал-Абат мамлекеттик университетинин карамагына өткөндө, ЖАМУнун ага окутуучусу болгон.

1995-2007-жылдары ЖАМУнун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы.

Факультет 2007-жылы кайрадан Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине кайтарылганда, кафедра башчысы кызматын аркалоону уланткан.

2007-жылдан – КМТУнун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы.

2008-жылдан – КМТУнун Каракөл технологиялык институтунун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы. 2014-жылдан - КР Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялар институтунун Башкаруу системасынын сызыктуу эмес динамика жана өз алдынча уюмдашуу лабораториясын жетектейт.

2015-жылдын бугу (май) айынын 15инде Бишкек шаарында техникалык илимдер тармагында доктордук диссертациясын коргоду.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

2007-08-жылдары жана 2012-жылдан – Каракөл шаардык кеңешинин депутаты.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Ал 2004-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. Техника илимдеринин кандидаты.

2008-жылы доцент наамын алган.

2012-жылдан КМТУнун профессору кызматын аркалай баштады.

КР УИАсынын докторанты болду.

«Сызыктуу эмес жана өзүнөзү уюштурган татаал системаларды башкаруунун синергетикалык ыкмаларын иштеп чыгуу» темасын доктордук диссертация деңгээлинде иликтеп, 2015-жылы бугу (май) айында коргоду.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

2005 - КР Билим берүүсүнүн мыктысы.

2012 - КР отун-кубат (энергетика) министрлигинин Ардак грамотасынын ээси.

2013 - Электр кубаты тармагындагы "Каарман" белгиси.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Никеде турат.

Жубайы – Нуридин Тажибаевич Ниязов, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл шаарында жайгашкан Каракөл технологиялык институтунун деректири, техника илимдеринин кандидаты, профессор.

 
Нуридин Ниязов, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл шаарында жайгашкан Каракөл технологиялык институтунун деректири, техника илимдеринин кандидаты, профессор, Айна Бакасованын өмүрлүк жолдошу. 20.01.2014.

Эки кыз, бир уулу, бир нече небереси бар.

Тил билгендиги түзөтүү

Кыргыз, орус жана немис тилдеринде сүйлөйт.

Негизги чыгармалары түзөтүү

Үч монография, бир илимий-жамаагаттык китеп (ата-бабасынын санжырасын), 45тен ашуун илимий макала, 40тан ашуун илимий-усулдук колдонмо жарыялаган.

  • Бакасова А.Б. Синтез сложных систем с нелинейной динамикой и самоорганизацией. - Бишкек: Изд-во "Инсанат", 2014. - 424 с. - - ISBN 978-9967-12-412-9.
  • Апышев Д.А., Бакасова А.Б. Нелинейности в электроэнергетике: Монография. - Бишкек, ИЦ «Текник», 2003. - 170 стр. - ISBN 9967-404-80-9.
  • Бакасова А.Б. О проблеме синергетического управ.реактивной мощностью сложной ЭЭС // Проблемы автоматики и управления. - №1. - НАН КР институт автоматики и информац. Технологии. - Бишкек, 2011. – С. 14-20.
  • Бакасова А.Б. Анализ и задачи управления частоты и активной мощности сложной ЭЭС // Проблемы автоматики и управления. - №1. - НАН КР институт автоматики и информац. Технологии. - Бишкек, 2011. – С. 89-94.
  • Бакасова А.Б. О синергетическом подходе в управлении частотой и напряжением сложной электроэнергетической системы // Фундаментальные и прикладные проблемы науки. - Т2. Материалы VI Международного симпозиума. - Москва, 2011. – С. 164-172.
  • Шаршеналиев Ж., Бакасова А.Б. О некоторых проблемах синтеза кибернетических и синергетических динамических систем управления // V Международная научная конференция «Системный синтез и прикладная синергетика»: Сборник научных трудов. - Том 2. - Пятигорск, 2013. - С.120-126.
  • Бакасова А.Б., Ниязов Н.Т. Нелинейные устройст.ограничения аварийных токов в ЭЭС // Фундаментальные и прикладные проблемы науки. - Т 9. Материалы VIII Межд. Симпозиума. - Москва, 2013. - C. 12 – 22.
  • Бакасова А.Б. Синтез сложных систем с нелинейной динамикой и самоорганизацией // Научная монография.-Бишкек,"Инсанат",2014.-424 стр.-ISBN 978-9967-12-421-9.

Кыскача адабият түзөтүү

  • Бакасова, Айна. Ата баркы: Эскерүү. - Бишкек, 2013. - 74 бет, фотолор.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү