Ниязов, Нуридин Тажибаевич

Нуридин Тажибаевич Ниязов (01.12.1954) – Кыргызстандагы так илимдер боюнча изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бири, техникалык илимдердин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору, А.Эйнштейн атындагы энергетика боюнча эл аралык академиянын академиги, электр кубаты жаатында адис.

Нуридин Тажибаевич Ниязов, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл шаарында жайгашкан Каракөл технологиялык институтунун деректири, техника илимдеринин кандидаты, профессор. 20.01.2014.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Нуридин Тажибаевич Ниязов (01.12.1954) – Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Алай районунда 1954-жылдын 1-декабрында туулган. Анын даңазалуу ата-бабаларынын бири – айтылуу Тилеке баатыр.

1972-73-жылдары жумушчу болуп иштеген.

1973-1978-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда (азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, КТУ) отун-кубат (энергетика) факультетинде таалим алып, “Электр ишканалары жана бекеттери” адистигине ээ болгон.

1978-81-жылдары “Кыргызэнергоремонт” ишканасында инженер-жөндөөчү кызматын аркалаган.

1981-86-жылдары Токтогул ГЭСинде электр-техникалык лабораториясынын (ЭТЛ) инженери, ага инженери кызматтарында иштеген.

1986-93-жылдары Күрпсай ГЭСинде ЭТЛ башчысы болгон.

1993-94-жылдары Күрпсай ГЭСинде нөөмөт башчысы болгон.

1994-жылы Каракөл шаарында “Юпитер” фирмасынын деректири болгон.

2007-жылы КТУнун Каракөл инженердик факультетинин деканы болгон.

2008-жылы КТУнун Каракөл филиалынын деректири болгон.

2010-жылы КТУнун Каракөл технологиялык институтунун деректири болуп дайындалган. Учурда ушул кызматты аркалап келет.

Илимий жана ойлоп табуучулук ишмердиги түзөтүү

Ал 2006-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.

2007-жылы доцент наамын алган.

2009-жылы А.Эйнштейн атындагы энергетика боюнча эл аралык академиянын академиги болуп калган.

ГЭСтер жаатында 12 рационалдык сунушту киргизген.

3 ойлоп табуучулук сунушу кабыл алынган.

Учурда КР УИАсынын докторанты.

Спорт түзөтүү

Ал Каракөл шаарында Каратэ-До федерациясынын президенти.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

КР Билим берүүсүнүн мыктысы (2004).

КР отун-кубат (энергетика) тармагынын мыктысы (2010).

Үй-бүлөсү түзөтүү

Никеде турат.

 
Айна Бакасова, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл технологиялык институтунун кафедра башчысы, техника илимдеринин кандидаты, КМТУнун профессору. 20.01.2014.

Жубайы – Айна Бакасова да техника илимдери боюнча илимпоз, агартуучу, Каракөл шаардык кеңешинин депутаты.

Эки кыз, бир уулу, бир нече небереси бар.

Тил билгендиги түзөтүү

Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт.

Негизги чыгармалары түзөтүү

20дан ашуун илимий макала, 32 илимий-усулдук колдонмо жарыялаган.

  • Ниязов Н.Т. Диагностика ионизационного старения изоляции генератора // Международная конференция «Проблемы управления и информатики». - Институт автоматики НАН КР, 19-22 июня, Бишкек 2007 г. – Бишкек, 2007. – С. 250-254.
  • Ниязов Н.Т. Автоматизированная система обработки Базы данных Каскада Токтогульских ГЭС. Версия 1.0. «Гидроагрегаты» // Государственное агентство по интеллектуальной собственности при правительстве Кыргызской Республики (Кыргызпатент), Свидетельство №6 от 03.02.2006 г. – Автордоштор: Апышев Д.А., Сатаркулов К.А.
  • Ниязов Н.Т. Патент на изобретение № 1030 «Силовой резистор с управляемой Вольтамперной характеристикой и величиной сопротивления» // Патент № 1030 от 29.02.08 г., Государственная патентная служба КР. – Автордоштор: Сатаркулов К.А., Исакеева Э.Б., Арфан А.Х.
  • Ниязов Н.Т. Патент на изобретение № 1031 «Многоэлектродный конденсатор» // Патент № 1031 от 29.02.08 г., Государственная патентная служба КР. – Автордоштор: Сатаркулов К.А., Исакеева Э.Б., Арфан А.Х.
  • Бакасова А.Б., Ниязов Н.Т. Нелинейные устройст.ограничения аварийных токов в ЭЭС // Фундаментальные и прикладные проблемы науки. - Т 9. Материалы VIII Межд. Симпозиума. - Москва, 2013. - C. 12 – 22.


Кыскача адабият түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү