Бакасова Зарыл - (1932-ж. туулган, Чүй облусу, Чүй району, Он бир жылга айылы) химия илимдеринин доктору (1977), профессор (1992), Кыргызстан ССР ИАнын корр. мүчөсү (1984). КРнын илимге эмгеги синген ишмери (1993). КМУну (1952), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын Химия институтунун аспирантурасын бүтүргөн. КР УИАнын Химия жана химия технология институтунда илимий кызматкер, 1964жылдан лаборотория башчысы.Физиологиялык активдүү бирикмелердин химиясы жана технологиясы боюнча илимий иштерди жүргүзүп, амин кислоталарынын негизинде биологиялык активдүү бирикмелерди ачып, аны эл чарбасында рационалдуу пайдалуунун теориялык негизин иштеп чыккан, ЗООдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде монография, 28 автордук күбөлүгү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4