Бакр Ахмед Хасан (1914-ж. т. ) - Ирактын аскер жана мамлекеттик ишмери, генерал.

1958-ж. 14-июлдагы антимонархиялык антиимпер. революцияга катышкан. 1963-жылдын февралынан ноябрына чейин Ирак өкмөтүндө премьер-министр, 1963-жылдын ноябрынан 1964-жылдын январына чейин вице-президент болуп, кийин отставкага чыккан. 1968-жылдын 17-июлунан Ирак Республикасынын президенти жана Революциячыл командование Советинин (өлкөдөгү бийликтин жогорку органы) председатели; 1968-жылдын 31-июлунан бери премьер-министр да болуп иштеп жатат. Ирактагы Баас партиясына башчылык кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.