Бактерек гипс кени Нарын облусунунда, Куланак кыштагынан 6–7 км түштүк-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2000–2552 м бийиктикте. 1959–60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмө тектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5–14,5 м, узундугу 5 кмге чейин. Гипсте катмарча жана линза сымал жаткан, калыңдыгы 0,5 мге чейинки акиташ теги менен чопо катмарлары кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. Технологиялык сыноодо 1-сорттогу курлуш гипси алына тургандыгы аныкталган. Карьерден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 1354 миң m. Жер кыртышын гипстентүүдө, цемент өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү