Бактерия жана вирус алып жүрүүчүлүк

Бактерия жана вирус алып жүрүүчүлүк — соо адамдын организминде жугуштуу оору козгогучтардын (бактерия, вирус) болушу.

Көбүнчө ал жугуштуу оору (ич келте, кептөөр, дизентерия жана башка) менен ооруп айыккандарда же айыга баштагандарда байкалат. Бактерия жана вирус алып жүрүү бир нече күндөн бир нече айга, чанда жылга созулат (өнөкөт алып жүрүүчүлүк). Ал ооруп айыккан адамдарда болот. Адатта организмдин коргонуу касиетинин начарлашы (создуккан оору, чарчоо, жетишсиз тамактануу) бактерия жана вирус алып жүргөн кишилерди ооруга чалдыктырат. Ичеги ооруларында (дизентерия, холера жана башка) козгогучтарды заңы менен, кептөөр жана башкаларда жөтөлгөндө, сүйлөгөндө бөлүп чыгарат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8