Баку хандыгы - азыркы Азербайжандын аймагындагы 1740-1806-жылдардагы мамлекет Апшерон жана андагы орун алган. Борбору Баку. Аны Иран шахы Надирдин мурдагы жан-жөөкөрү Мирзо Мухамед-хан 1747-ж. негиздеп, 1768жылга чейин хандык кылган. Чарбасынын негизин соода, жер иштетүү, туз жана нефть өндүрүү түзгөн. 1804-13-ж. орус перс согушунун жүрүшүндө Баку хандыгы орус аскерлери тарабынан басып алынып (1806), 1813-ж. Гүлистан тынчтыгы боюнча Россия империясынын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4