Баку (азе. Bakı) — Азербайжандын борбору. Апшерон жана анын түштук-батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2014; шаар айланасы менен 2,8 млн). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт. Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актоо (Актау Казакстан) ш. менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт. Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагыдагы жазмаларда, ошондой эле 9- 10-кылымдагы географтардын (аль-Истахри, аль-Масуди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-кылымда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-кылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван падышалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-ж. Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-ж. орус аскерлери караткан. 1735-ж. ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку хандыгынын борбору болуп калган. 1804-13-ж. орус иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга кошулган (1806). 1917-ж. 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-ж. 31июлда ички жана тышкы контррев-ячыл күчтөрдүн аракети менен Совет бийлиги кулатылат. 1920-ж. 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айланган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору. Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чептин ички аймагында Мухаммед мечити жана Сынык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала мунарасы (12-кылымда кайрадан курулган), ширваншах сарайлар ансамбли (15-к.), Жума мечити (14-к.), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суусактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чеггги айланта курулуштар башталган. 1920-кылымда эллектизм жана модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-ж. шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт жана парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө археология О. Дадашев менен М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан ), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган. Баку өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен 17си мамлекеттики), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия жана спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921,1991-жылдан У. Гажибеков атындагы Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атндагы опера жана балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми жана элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт галериясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар. Баку Азербайжандын ири өнөржай (республикасынын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефтьхимиялык (шина, тиричилик химиясы), кара жана түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөржайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта фабрикасы), электртехникалык, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөржайлары бар.

Отурукташкан жай
Баку
Герб
Герб
Өлкө Азербайжан
Координаттар 40°21′ с. ш. 49°50′ в. д.HGЯO
Мэр Эльдар Азизов
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген V кылым
Аянты 2150 км²
Климатынын түрү субтропиктик
Убакыт аралыгы UTC+4
Калкы
Калкы 2181800 адамды (2014)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +994 1
Почта индекстери AZ1000
AZ1002
AZ1006
AZ1044
AZ1063
AZ1072
Баку (Азербайжан)
Баку

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4