Бакча өсүмдүктөрү - ашкабактар тукумундагы эгилме өсүмдүк тобу (дарбыз, коон, ашкабак ж. б.). Азия, Африка жана Американын тропик, субтропик өлкөлөрүнөн алынып келген. Алар төшөлүп же чырмалып өсөт. Жылуулукчул (25-30°С) өсүмдүктөр. Кыргызстанда которуштуруп айдоо жолу менен эгилет, дын жерге, кысыр адызга айдаса көп түшүм берет. Алар бышканда желет (дарбыз, коон), куурулуп, бышырылып, маринаддалып (ашкабак, кабак, патиссон), кургатылат. Цукат, бал, пюре алынат. Тоют катары (ашкабак, тоют дарбызы, коон) жаңы кезинде же саман, жүгөрү ж. б. кошуп, силостолуп берилет. Дарбыз, коон, ашкабак данынан май алынат. Зыянкечтери: бакча бити, бакча элкайдакөчөтү, шалбаа көпөлөгү, дарбызчы чымын. Илдеттери: акчирик, карачирик, фузариоз, антракноз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4