"Бакытка умтулуу" (англ. The Pursuit of Happyness, орус. В погоне за счастьем) - 2006-жылы тартылган Америка тасмасы. Тасма дээрлик бир жыл үй-жайсыз калган ишкер Крис Гарднердин өмүр баянына негизделген. Режиссер Габриеле Муччино, ал эми баш каарман үй-жайсыз сатуучунун ролун Уилл Смит аткарган. Смиттин уулу Жейден Смит Гарднердин уулу кичүү Кристофердин ролун жаратуу менен тасма тармагында саамалыгын баштаган.

Бакытка умтулуу
Жанры

Биографиялык фильм и drama film

Режиссёру

Gabriele Muccino

Продюсери

Смит,
James Lassiter,
Steve Tisch,
Todd Black,
Jason Blumenthal,
DeVon Franklin

Сценарийдин
автору

Steven Conrad

Оператору

Phedon Papamichael

Композитору

Andrea Guerra

Кинокомпания

Relativity Media, Overbrook Entertainment и Escape Artists

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

АКШ

Тили

англис тили

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 0454921

Сценарицин Стивен Конрад жазган. Сценарист окуянын өзөгүн Гарднер Куинси Троп экөө авторлук кылган эң көп сатылган мемуардан алган. Тасма "Columbia Pictures" 2006-жылы 15-декабрда жарыкка чыгарган. Уилл Смит мыкты аткарган ролу үчүн Оскардан да, "Алтын Глобустан" да "Эң мыкты актер" сыйлыгын алган.

Тасманын аталышынын түпнускадагы "Happyness" деп жазылышы Гарднердин баласы барган бала бакчадан ушундай жазууну көрүп калышынан келип чыккан. Ал бала бакча ээсине "happiness" деген сөз "happyness" болуп туура эмес жазылып калыптыр деп даттанган.

Мазмуну түзөтүү

Каармандарда түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү