Балага чач коюу - баласы токтобой жүргөндөр балага көз тийип кырсыктабасын деген ишенимде атайын аны кыз балага окшош болсун деп башынын бир жерине чач калтырып коюшкан. Ал 7-8, кээде андан улуурак жашка жеткенге чейин алынган эмес. Баштын кайсыл жеринде калтырылганына жараша аталышы түрдүүчө болгон: көкүл, төбөчач - баланын төбөсүнө коюлган чач (көкүлдөн айырмаланып төбөчач өрүлөт), саамай - чыкыйда калтырылган чач, желке чач - баланын желке жагында калтырынган чач, секелек чач - баштын арткы эки жагына коюлган чач. Белгиленген жашка жеткенде мал союлуп, эл чакырылган жана коюлган чач алынган. Чач алуу мазарларда өткөрүлгөн учурлар да кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү