Балага ысым берүү. Кыргыз эли бала төрөлгөндө ага ысым коюуга өзгөчө мамиле кылган. Сөзсүз түрдө айылдын аксакалын же “азанчысын” чыкырган. Ал наристенин оң кулагына “азан”, сол кулагына “комат” айтып, анан баланын кулагына ысымын айткан. Пайгамбарыбыз наристелерге “Кудайдын кулу” деген маанини билдирген аттарды коюуну осуят кылгандыктан, элибизде Абдулла (Алланын кулу), Абдраим (ырайымдуу Алланын кулу) ж.б. аттарды кеңири жолуктурууга болот.
Маалымат булагы: Шоокум журналы.№8(37), август, 2009-ж.