Баланы бешикке салуу - жаңы төрөлгөн бала 3-4 күндөн, айрым райондордо 40 күндөн кийин бешикке салынат. Ага арналып бешик той өткөрүлөт. Бешикти баланын таята, таенеси алып келишкен. Баланы бешикке салуу үчүн айылдын көп жашаган кемпирлеринен бирөө тандалат. Бешикке баланы салардан мурда ага балта же чот, бир нече чүкө салынат, бешик жеңил терметилип «Оңбу?! Оңбу?!» деп суралат. Тегеректеп отургандар «Оң! Оң!» - деп жооп беришет. Бешиктен балта (чот), чүкөлөр түшүрүлүп, арча түтөтүп аласташат. Андан кийин баланы бөлөшөт. Баланы бөлөгөндөн кийин аны бөлөгөн кемпир бешикти минип: «Жаның узак болсун, жаның кудай койсун!» - деген сөздөрдү кайталап камчыланат. Бешикти минип камчылануу үч жолу кайталанат. Баладан мурда балта (чот) салуу - жаны темирдей бекем болот деп ишенүү. Чүкө - Умай эненин символдорунун бири. Умай эне баланын жанын сактайт деген ишенимден жасалат. Чүкөнү бешике байлап да коюшат. Бешикке минип камчылануу да баланы кырсыктатуучу жиндерден коргоо максатын көздөйт. Элдик ишенимде жиндер жылкыдан, өзгөчө камчыдан коркушары айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү