Баланы киринтүү - жаңы төрөлгөн баланы дароо эле туз кошулган жылуу сууга жуундурушат. Баланы 40 күнгө чейин күндө же күн алыс ушундай сууга жуунтуп турушкан. 41-күнү баланын кыркын чыгаруу өткөрүлөт. Бул күнү коноктор чакырылып сый көрсөтүлөт. Баланы 40 кашык сууга жуундурушкан. Баланын ден- соолугуна, өмүрүнө, келечек жашоосуна магиялык таасир берүүгө ишенүүнү баланы киринтүүдөгү аракеттерден азыр да байкоого болот. Мисалы, айрым райондордо баланы киринтүүчү сууга туздан башка алтын шакек, тыйын, дубалдын топурагы, жумуртканын кабыгын салышат. Бул ишенимде алтын шакек - алтындай туруктуулукту, тыйын - бай жашоону, дубалдын топурагы - дубалдай бекемдикти, жумуртканын кабыгы - жумурткадай тунук жашоону камсыз кылат, баары биригип баланы жаман көздөн, жаман сөздөн сактайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү