Баланы тамактандыруу - баланын организмин керектүү азык заттар менен камсыздоо. Тамак-аш баланын жашына ылайык тандалат. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин, акыл-эсинин өсүшүнө терс таасирин тийгизет жана түрдүү ооруга чалдыктырат. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарптайт, алар кыймылдуу болгондуктан, организм белок менен калориялуу азыкты арбын талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жумуртка, сүт азыктарын жетишерлик алуусу зарыл. Углевод энергия булагы болгондуктан, балага өтө керек. Баланы витаминдүү жана минералдуу тамак-аш менен тамактандыруу өтө маанилүү. Бир жашка чейинки баланын негизги тамагы эне сүтү. Бала эч болбогондо 6 айга чейин эненин эмчегин эмүүсү зарыл. 4-6 айынан баштап башка кошумча тамак-ашка үйрөтүп, түрдүү жемиш ширелерин 1-2 тамчыдан баштап, 8-10 чай кашыкка жеткирилет; алманы эзип бир чай кашыктан, жумуртканын сарысын сүткө аралаштырып берсе болот, 6-7 айында түрдүү жашылча сорпосун, ботко, эт сорпосун бере баштоо сунуш кылынат. 9-10 айында балага кашык карматып тамактанууга үйрөтөт. Бала бир жаштан кийин түрдүү тамак-ашка көндүрүлөт. Балапандуу куштар - (кызыл эт балапандуу куштар) — жөжөлүу куштардан айырмаланып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз болгондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт капталып, дене температурасы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калакбуттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, тотукуштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мисалы, үкүлөр, жырткыч куштар, жөжөлүү куштар менен Балапандуу куштардын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт менен капталып, жырткыч куштардын балапандарынын көзү көрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4