Балдардын жугуштуу оорулары

Балдардын жугуштуу оорулары — аба аркылуу таралып, көбүнчө балдарда кездешүүчү катуу кармама жугуштуу оорулар тобу: суу чечек, кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, менингит, скарлатина[1], паротит; Буларды оорулуудан, бактерия алып жүрүүчүлөрдөн тараган Бактериялар жана вирустар козгойт.

Оорулардын башталышы түзөтүү

Оорулуу оору башталар алдында же башталган күндөн тартып жугуштуу болот. Оору козгогучтар сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекей, какырыктын майда тамчылары 1—3 м аралыкка чейин чачырап тарайт. Микроорганизмдер аба менен кошо оорулуунун айланасындагы адамдардын дем алуу органдарына кирип, оору жугузат. Мындай аба бир канча минутадан 1 саатка чейин коркунучтуу. Акырындык менен тамчылар кургап, микробдор жок болот. Ооруп айыккандан кийин бул ооруга туруктуу иммунитет пайда болот; кайталап ооругандар сейрек кездешет. Оору жуккандан кийин оору белгилери дароо билинбейт, белгилүү убакыт (оорунун инкубациялык мезгили) өткөндөн кийин башталат. Оорунун белгилери байкалары менен дароо баланы врачка көрсөтүү зарыл. Андан кийин белгилүү ооруга мүнөздүү белгилер пайда болот. Балдардын жугуштуу ооруларынын көбүндө эти ысыйт, териге жана былжырлуу челдерге кызыл чыбырчыктар чыгат. Бул оорулардын көпчүлүгүнө дем алуу жолдорунун жана көздүн сезгениши мүнөздүү, оорулуу жөтөлөт, чүчкүрөт, көзүнөн жаш агат, үнү каргылданат.

Балдардын жугуштуу оорулары өпкө, жүрөк, бөйрөк, кулак жана башкалардын жабыркоосу менен коштолушу мүмкүн. Кабылдоо көбүнчө катуу ооруганда, медициналык жардамга кеч кайрылганда же төшөккө жаткырбай дарылаганда болот. Буга жол бербөө үчүн ооруну эрте аныктап, убагында дарылоо зарыл. Оорулуу баланы туура багуунун мааниси зор.

Балдарды оорудан коргоо түзөтүү

Эмчектеги баланы убагы менен кургактап, жылуу суу менен жуунтуп туруу, оорулууга суюктукту көп берүү керек. Эрди кургаса вазелин менен майлоо, кичинекей баланын оозун кайнаган суу же муздак чай менен нымдап туруу зарыл. Баланын мурдунун тазалыгына көз салуу керек; чоңураак балдардын таза бет аарчысы болууга тийиш, кичинекейлердин мурдун вазелинге же акталган күн караманын майына малынган кебез менен тазалоо керек. Оорулууга абаны желдетип туруу (суук мезгилде бала үшүбөс үчүн жылуу ороп коёт), ал эми айрым ооруларда (көк жөтөл, суу чечек) дене температурасы түшкөндөн кийин таза абада сейилдетүү пайдалуу. Бул учурда соо балдарга жолуктурууга болбойт. Туура тамактануунун мааниси зор, тамак сиңимдүү жана витаминдүү болууга тийиш. Ооздун ичи, кулкун жабыркаганда сезгенген былжырлуу челди дүүлүктүрбөө үчүн оорулууга көбүнчө суюк тамак берүү керек. Эгер сыркоо бала ооруканада эмес үйдө дарыланса башкаларга жукпас үчүн алдын алуу чараларын көрүү керек. Бул максатта оорулууну өзүнчө бөлмөгө жаткырып же шейшеп калкалап, идиш-аягын, сүлгүсүн, оюнчугун бөлүү зарыл. Оорулуунун идиш-аягын пайдалангандан кийин өзүнчө бөлүп жууп, кайнатуу керек. Оорулуу менен жолуккан балдар балдар мекемелерине кабыл алынбайт. Балдарды жугуштуу оорулардан сактоодо алдын алуучу эмдөөлөр маанилүү роль ойнойт (к. Эмдөө, Эпидемияга каршы чаралар, Карантин, Жугуштуу оорулар).

Шилтемелер түзөтүү

  1. скарлатина

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8