Балдардын өздүк көркөм чыгармачылыгы

Балдардын өздүк көркөм чыгармачылыгы – балдардын көркөм чыгармачылыкка шыгын жана жөндөмүн өстүрүү үчүн искусствонун ар түрдүү тармактары (ыр-хор, музыка, бий, сүрөтчүлүк, Театр өнөрү ж. б.) уюштурулган класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер.

Мындай чыгармачылыкты уюштуруунун мазмуну, ыкмасы жана калыптары ар түрдүү. Алар мектепте, балдар үйүнүн, маданият түйүнүнүн, клубдун маданий секторунда уюштурулат. Алардын ийгиликтери майрамдарда, даталуу күндөрдө, кечелерде, чыгармачыл конкурстарда жана фестивалдарда, радиоберүүдө, телекөрсөтүүдө кеңири чагылдырылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,