Балдар асыранды үйү- – ата-энеси жок, үйдөн качып жүргөн балдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай.

Кароосуз калган балдар үчүн биринчи асыранды үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн.

Биздин өлкөдө «Ак жол» балдар асыранды үйү, Бишкек шаарында (2000) уюштурулган. Мында мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар убактылуу жашап, билим-тарбия алышат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,