Балдар бакчасы жана мектеп комплекстери

Балдар бакчасы жана мектеп комплекстерибалдар бакчасынан келген бала мектептеги жаңы шартка, окуу процессине ийкемдүү, эч кыйынчылыксыз көнүгүшү үчүн уюштурулган окуу комплекстери.

Алардын негизги максаты – ата мекенибиздеги жана чет элдик алдыңкы методикалык иш тажрыйбаларды пайдаланып, ар бир бала жетиштүү деңгээлде өсүп-өнүгө ала турган окуу-методикалык комплекстерди түзүү, иштин мазмунун «уланмалуулукта» айкалыштыруу. Мындай комплекстер Бишкек шаарында №61, 39, 68 орто мектептери жана № 184 балдар бакчалары тарабынан түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,