Балдар коляскасы - эмчектеги баланы абага алып чыгуу жана уктатуу үчүн керек. Баланы сейилдетүүгө алып чыкканда шамалдан, жаандан, кардан, өтө ысып кетүүдөн сактайт.

Бийигирээк коляска пайдалануу максатка ылайык, жапызына чаң көп түшөт. Оңой жуула турган жана ным өткөрбөгөн материалдан жасалган, үстү жабылма коляска ыңгайлуу. Балдар коляскасы атайын жумшак төшөгү менен чыгарылат, эгерде анысы жок болсо өзү тандап, жасап алып, үстүн таза жалаяк менен жаап коюу керек. Жай мезгилинде атайын сейилдөөчү Балдар коляскасы пайдаланылат. Коляскада бала сейилге чыкканда жана таза абада уктаганда гана жатыш керек, анда баланы дайыма коюуга болбойт, себеби аба жана жарыкты начар өткөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8