Балдар оорулары — көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулардын тобу. Балдар ооруларына балдардын алгачкы жашындагы жана жугуштуу оорулар, карын, дем алуу органдарынын жана зат алмашуу бузулгандагы оорулары кирет. Бала ошондой баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө жана жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот.

Боюнда бар аялдын ар түрдүү ооруларга чалдыгышы, туура эмес эс алышы, тамактануусу баланын түйүлдүк кезиндеги өсүп жетилишине терс таасирин тийгизет. Ара төрөлгөн жана төрөттөн жабыркаган балдар өзгөчө багууну талап кылат. Аларда төрөттөн кийинки жабырлануулар, нерв системасынын оорулары кездешет. Ымыркай бала айлана-чөйрөнүн өзгөчө жаңы шарттарына көнө баштаган кезде өтө этият болуу керек. Ушул мезгилде ымыркай эмчектеги балдарда мээде кан жүгүрүүнүн бузулушу, мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфикция, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, микрофталмия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз оорусу, мелана оорусу жана башка оорулар кезигет. Эмчектеги балдардын ичеги-карындан бөлүнүп чыгуучу ферменттердин жетишсиздигинен жана тамактануу режиминин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба жана күндүн нурунун жетишсиздигинен итий пайда болот. Наристе балдар (1—3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит, сарык жана башка) менен көбүрөөк ооруйт.

Мектепке чейинки балдарда (3—7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз) көп жолугат, бирок алар жеңил түрдө өтөт. Мектеп жашындагы балдар ревматизм менен көбүрөөк ооруйт. Өспүрүмдөр нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын жана ички бездеринин функциясынын туруксуздугуна байланыштуу алардын ишинин бузулушу кездешет. Оорунун алдын алуу биринчи күндөн эле төрөт үйүндө төрөлгөндөн башталат. Жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөө менен бирге балдардын денесин чыңдоо Чоң мааниге ээ. Кээ бир жугуштуу оорулар (полиомиелит, кептөөр жана башка) дээрлик кездешпейт же өтө аз жолугат. Айрым оорулар жылдан жылга азаюуда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8