Балдар санаторийи — оорулуу балдарды комплекстүү дарылоонун, өнөкөт оорулардын өөрчүшүн алдын алуунун маанилүү звенолорунун бири. Санаторийге баланы догдур айрым оору белгилери менен жиберет.

Балдар санаторийи балдар ооруларынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен адистештирилет. Кызыл жүгүрүк, таяныч-кыймыл аппаратынын кургак учук, дем алуу органынын, тамак сиңирүү, бөйрөк, заара бөлүп чыгаруучу жолдордун оорулары жана зат алмашуу бузууда, психоневрологиялык, тери ооруларынын, остеомиелит, артрит (ревматизмдик) менен ооруган балдар үчүн санаторийлер бар. Адистештирилген балдар санаторийинен сырткары «Эне менен бала» санаторийи, санаторийлик пионер лагери, санаторий-токой мектеби, мектеп жашына чейинки балдардын санаторийлик балдар бакчалары болот. Жергиликтүү балдар санаторийине 1 —15, курорттогу санаторийге 5 —15 жаштагы балдар кабыл алынат. Таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар, анын ичинде балдардын церебралдык шалы менен ооругандар курорттук балдар санаторийине 3 жашынан кабыл алынат. Адатта балдар санаторийи жайгашкан жердеги жагымдуу ландшафт жана климат балага жакшы таасир тийгизет.

Балдар санаторийиндеги ден соолукту чыңоо жана дарылоо чарлары, абада көпкө болуу, жетиштүү эс алуу, кыймылда болуу, жакшы тамактануу, минерал сууларын ичүү, көлгө түшүү, аба жана күн ванналары, дары баткактарын жана башка колдонуудан балдар санаторийинде ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алып, машыгуу жана организмди чыңоого чоң көңүл бурулат. Балдар санаторийинде дарылануу мөөнөтү оорунун мүнөзүнө жараша болот. Бардык балдар санаторийинде сөзсүз балдар менен тарбия жана педагогикалык иш жүргүзүлөт, көпкө болуучу балдарды мектеп программасы боюнча окутат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8