Балтимор шаары - АКШнын чыгышындагы ири шаар, Мэриленд штатында. Калкы 610 миң (2005; шаар айланасы менен 2,5 млн). Атлантика океанынын Чесапик булуңуна Патапско деңизи куйган жерде жайгашкан. Ири деңиз порту (жылына 30 млн тонна жүк ташылат). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар (Балтиморду жана Вашингтонду тейлейт). Метрополитен.

Балтимор (2012-ж).

1682-ж. негизделген. 1729-ж. Мэриленддин губернатору лорд Сесил Балтимордун ысымынан аталган. 1797-жылдан шаар. 1789-ж. Балтиморго өлкөдө 1-жолу католик епархиясы ыйгарылган. 19-кылымдын башында кооздоп эмерек жасоо боюнча даңкталган. Балтимордон Огайо штатына АКШдагы алгачкы темиржол (1828-30) курулуп, 1897-ж. 1-ири металлургия заводу ишке кирген. 1904-ж. шаардын ишкер бөлүгү толугу менен күйүп кетип, кайрадан салынган. Классицизм стилиндеги кафедралдуу Кудай Эне собору (1805-21) сакталган. 1970-80-ж. шаардын борбордук бөлүгү жаңыланып, архитектуралык комплекстер (анын ичинде Харбор-плейс) курулган. 1812-14жылкы Англия Америка согушунун катышуучуларынын, Ж. Вашинггондун эстелиги бар. Балтимор өлкөнүн билим жана маанилүү илим-изилдөө борбору: Мэриленд ИА (1797), Ж. Хопкинс (1876), Мэриленд (1807), Балтимор (1925) ж. б. университеттер, консерватория (1868), искусство комплекси (1826), 60 тан ашык лаборатория (башкы багыты физика, океанология, океанография, фармецевтика, мед. жабдуулар), Колумб борбору (1994, деңиздик биотехнология) иштейт. Мэриленд штатынын илим борбору. Балтимор искусство (1914), Мэриленд тарых музейлери, Уолтерс сүрөт галереясы (1931), жазуучу Эдгар Понун үй-музейи (Балтимордо жашаган жана көмүлгөн), опера театры, шаардык симфониялык оркестр, океанариум бар. АКШнын түндүк-чыгышынын маанилүү өнөржай жана соода-финансы борбору. Металлургия, химиялык, радиоэлектроника (анын ичинде согуш өнөржайы үчүн жабдуу), электр-техника, авиаракета, автомобиль кураштыруу, нефть ажыратуу, тамак-аш, кеме куруу жана ремонттоо өнөржайы, илимий өндүрүшү иштейт. Согуш-деңиз базасы бар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4