Балтырбешик — Борб. Теңир-Тоодогу тоо көлү. Акшыйрак жана Борколдой кырка тоолорунун аралыгындагы жайык өрөөндө жайгашкан. Деңиз деңг. 3700 м бийиктикте. Уз. 700 м, туурасы 200–220 м. Аянты 0,12 км2дей, тереңд. 4 мге чейин. Көлдүн түш.-чыгыш учунан чакан өзөн агып чыгып, Чолоккапчыгай суусуна (Ак- шыйрак суусунун алабы) сол тарабынан куят. Көл өрөөнүнүн төрүндө морена жа- тат. Түбүндө илээшкек бозомтук баткак бар. Көлдүн 2,8 м тереңдиктеги темп-расы 9,8°С, бетиники 10,5°; 40 м тереңдиктегиси 10,5°С, үстүнкү бетинде 10,6°С (июнда). көлөмү 1,671 млн м3. Эң терең жери 10 м. Көл кар жана булак суулары менен толукта- лып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деңгээли 1,5 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунукту- гу 3 м. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004
  • Электрондук версия, Асанов Э.Д., 2010