Балчакайтопоним. Манас эпосунда : Балчакайдын белинде, Аялым арбын дегенсип, Мыктылык кылган жериңде Айтышып сөздөн бир жеңдим (Сагымбай Орозбаков , 3. 218),— деп [[Кошой]] Жолойго Көкөтөйдүн ашында күрөшкө түшүп, бирин-бири опузалап айтышып турганда эскерет. Географиялык реалияда Иле менен Текес дарыяларынын аралыгындагы Кетмен тоо түркүмүндөгү ашуу. Эпосто Былчакай, Былчакей түрүндө да кезигет (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 71. 75).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4