Балык-Суу бор кени - Чүй облусунун Кемин районунда, Шабдан кыштагынан 4 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1700-2000 м бийиктикте. 1960-ж. геологиялык съёмка иштерин жүргүзгөндө табылган. Пайдалуу тек болуп 3,54% бордун үч кычкылын кармаган турмалинит эсептелинет. Анын таралышынын аянты 0,4 км2. Технологиялык изилдөөдөн бордун үч кычкылы жакшы бөлүнүп алынары аныкталган. Кенди жерсемирткич катары изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү сунуш кылынган. Бордун үч кычкылынын кени боюнча болжолдуу ресурсу 1 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү