Балык уулу Найманбай (1847–1913) —

Балык уулу Найманбай Таласта 1847-жылы туулган. Атасы Балык кыргыздын оң, солуна бирдей таанымал чоң ырчы, улуу манасчы болгон. Ал “Манас” үчилтигин мыкты айта билүү менен бирге элдик кенже эпосторду, андан сырткары “Карач, Көкүл баяны”, “Кыз Мактым”, “Бала Сагын”, “Тооке кан”, “Эртегинин эр Шорук”, “Калы куту капка таш”, “Жанчаркан” сыяктуу элдик жомок, уламыш, поэмаларды да көркөмдөп таасын айта билиптир.

Найманбайдын төкмө ырчы, манасчы болуп калыптанышына, биринчи кезекте атасы Балыктын таасири тийгендиги байкалат. Атасын тартып Найманбай дагы төкмөлүк менен манасчылыкты бирдей туткан омоктуу өнөрпоздордон болуп, көп өмүрүн Чүй жергесинде (Балык ырчынын да өмүрү дээрлик Чүйдө өткөн) өткөргөн XIX кылымдын аягындагы күчтүү ырчылардан болуптур.

Кезегинде кыргыздын ири жомокчу, ырчыларынан болгондугун Жаманкул ырчы менен айтыша кеткен бир ырында өзү деле: Атамдын айткан “Манасын”, Алты ай айтсам түгөнбөйт. Мен буурулу элем жылкынын, Булбулу элем ырчынын – деген экен. Ал айтышка түшпөгөн кыргыздын чоң ырчыларынан калбаптыр. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда Найманбайдын, Эсенаман, Токтогул, Эшмамбет, Куйручук, Жаманкул, Калмырза, Бекназар, Кара Курман менен болгон айтыштары бар.

Найманбайдын “Манасты” кыйын айткандыгы бардык маалыматтарда баса белгиленет. Кыязы, анын ырчылыгынан да жомокчулугу артык болгон өңдөнөт. Бирок, Найманбай “Манастын” өздүк вариантын түзбөстөн, негизинен атасынын гана жолун улантат. Ал негизинен “Таластын көрүнүшү”, “Күмбөз туурасында”, “Манастагы каармандар”, “Аттардын сынын” айтканын фольклор жыйноочу К.Мифтаков Таластагы “Жайылган” деген жерден Эркебай Бердибай уулунан жазып алган экен. Манасчы 1913-жылы дүйнөдөн кайткан.