Балык — топоним. Эпосто кыргыздар менен коңшу жашаган Ооган мамлекетинин чоң шаарларынын бири катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Бадакшан менен Балыкты, Башкы атасы бир бөтөн, Баары тажик калыкты», — деп эскерилет. Балык тарыхта орчундуу соода борбору катары белгилүү болгон. Ошондой эле эпосто «Балкы тон» деген термин да айрым учурда кезигет. Бул ошол Балх шаарынан жасалган тон кымбат баалуу болгондугу менен өзгөчөлөнүп турган.
Географиялык реалияда Ооганстандын түндүк батышындагы Балх шаары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4