Балык - байыркы түрк тилинде «шаар» деген маанини билдирген түшүнүк. Байыркы түрк руна жазууларында, М. Кашкаринин «Диван лугат ат-түрк» эмгегинде эскерилген. Байыркы энчилүү аттарда көп учурайт: Бешбалык (Чыгыш Түркстанда), Ханбалык (Пекин шаарынын байыркы түркчө аталышы) ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4