Чыгыш Түркстан – түндүгү Теңир-Тоо, түштүгү Куэньлун, батышы Алай тоолорунан Турпан ойдуңуна чейинки тарыхый-географиялык аймак. Аны кытайлыктар 18-кылымдын жарымынан “Синьцзян” (кытайлык кыргыздарда “Шинжаң”) – “Жаңы чек” деп атай башташкан.

Орто кылымдарда Чыгыш Түркстан Жети-Суу, Кыргызстан, Фергана жана Орто Азиядагы башка аймактар менен бир мамлекеттерге баш кошуп тургандыктан, алардын аймагы жалпысынан “Түркстан” деп аталган. Негизги шаарлары Кашкар, Жаркент, Хотан, Куча болгон. Азыр Чыгыш Түркстан аймагы Шинжаң-Уйгур автономия району (ШУАР) катары Кытай Эл Республикасына карайт. Бул тарыхый райондо уйгур, казак, дуңган, кыргыз, өзбек, моңгол, ханзу (кытай) сыяктуу көп улуттар жашайт.

Булактар түзөтүү