Банал уйкаш — өтө көп колдонулгандыктан, биротоло кулакка сиңип, тамтыгы кеткен сөздөрдөн түзүлгөн уйкаштык.

Мисалы:

Бопорос тарттым күйгөндөн,

Боздодум сени сүйгөндөн...

(Элдик ырдан)

«Сүйгөндөн», «күйгөндөн» деген сыяктуу сөздөр банал уйкашка кирет. Банал уйкаштыкты колдонуу акындын чабалдыгын айгинелейт.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine