Бань Гу (б. з. 32–92) — байыркы кытай тарыхчысы.

Бань Гу

Кытайдын эзелки жылбаяны — «Цинь хань Шу» («Алгачкы династиясынын тарыхы») эмгегинин авторлорунун бири. Бул тарыхты атасы Бань Бяо баштап, бүтпөй калган. Бань Гу 20 жыл эмгектенип, б.з. 82-жылы жылбаянды жазып бүтүргөн. Анын маалыматы боюнча Биздин заманга чейин 1- кылымда түндүк хунндардын бийлик башчысы Чжичжи шанүй аскерлерин батышка (Биздин заманга чейин 48-жылы), оболу усундарды, андан соң уцзуларды моюн сундурган. Шанүйдүн батышка жөнөткөн аскерлерине цзяньгундар (кыргыздар), динлиндер моюн сунууга аргасыз болушкан. Чжичжи шанүй багындырган үч ээлик (Уцзу, Цзяньгун, Динлин) жана ага баш ийген кыргыздар (цзяньгундар) Чжидеги (Турпан аймагы) батыш тарапта 33 байырлашары жөнүндө маалыматтар берилет.

Хунндардын бийлиги начарлаган мезгилде кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтире алышкан. Кытай жылбаяндарында кыргыз (цзяньгун), динлин, уцзулар жашаган аймактар «үч падышачылык» деп аталганы маалым. Биздин заманга чейин 56-жылы саясий көз карандысыздыкка жетишкен кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоону ыктай жашаган.

Булактар түзөтүү