Барабан (техникада) - техникада машина, механизмдер жана аппараттардын көндөй цилиндр (кээде конус) формасындагы тетиги. Барабан жүк көтөрүүчү машина, буу казаны, тегирмен, кургаткыч, меш жана башкаларда болот. Ал машинага орнотулуп, кезеги менен же тынымсыз айлануучу барабан, тазалоочу, кургатуучу жана жуугуч болуп бөлүнөт. Тазалоочу барабан калыпка куюлган тешикке жабышкан топуракты кетирүүдө, кургатуучу барабан чубурма текзаттар менен текстиль товарларын кургатууда колдонулат. Жуугуч барабан булгаары жана тери өндүрүшүндөгү негизги аппараттардын бири. Булгаары өндүрүшүндө терини жибитүү-ашатууда, ийлепөңдөөдө, боёп-майлоодо түрдүү маркадагы барабан кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4