Бараба ойдуңу, Бараба талаасы - Орусияда, Батыш Сибирдин түштүгүндө, Иртыш жана Обь дарыясынын аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө Кулунду түздүгүнө өтөт. Күдүрлүү түздүк (бийиктиги 150 м ге чейин); ага жарыш, бийик жалчалар созулуп жатат. Кайың токою (түндүгүндө), саз жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Оёң жерлеринде 2000ден ашык тузсуз жана туздуу көлдөрү (ирилери: Чаны, Тандово, Сартлан) бар. Батыш Сибирдин сүт багытындагы мал чарбасы жана дыйканчылык өнүккөн эң маанилүү аймагынын бири.

Бараба ойдуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4