Барак байыркы түрк тилдеринде «ит» деген маанини түшүндүрөрүн Махмуд Кашгари «Сөздүктө» жазат. Барак - орто кылымдардагы (10-11-кк.) кыпчактарда узун түктүү иттин породасын (тукумун) түшүндүрүп, половец (кыпчак) княздарынын энчилүү аты катары да маалым болгондугун орус жыл баяндары чагылдырат. Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихинде» ит - барак термини эскерилет; «барак» жана «ит» деген синонимдеш терминдердин түрк дүйнөсүндө өтө кенен колдонулган. Айрым изилдөөчүлөр «барак» этнониминин келип чыгышын Алтын Ордо ханы Барак хан жана Чагатайдын түз тукумдарынын бири болгон Барак менен байланышта карашат. Этностук аталыштын негизин- де байыркы көчмөн уруулардын, анын ичинен кыргыздардын итке тотемдик жаныбар катары сыйынуу ишеними жатат. Буга кыргыз санжыраларындагы мифологиялык иттер жөнүндөгү уламыштар мисал боло алат. Уламыштын мазмуну жана маңызы кыргыздар ислам динин кабыл алгандан соң бир топ бурмаланган. Ушундай эле уламыш кыргыздарга теги жакындыгы аныкталган лакайларда да бар экендиги ырасталган. Итке байыркы монгол тилдүү уруулар да сыйынышкандыгы маалым. Байыркы кидандар (кара кытайлар) жылдын күз мезгилине туш келген майрамын дан-хе-ми (кытайчадан сөзмө-сөз которгондо «ит баш») деп аташкан. Ритуал учурунда мамлекеттин акими өз колу менен куба (ак) итти курмандыкка чалгандан соң, иттин башын хан ордо үйүнөн жети кадам түштүк тарапка көмүп, тиштерин жер бетине калтырып коюшкан. Жети күн өткөндөн соң иттин башы көмүлгөн жерге аким- Дин ордо үйүн орнотушкан. Тува шамандары табыптык милдетти аткарууда көк жал карышкыр менен катар түсү кара болгон ит (тув. «кара адай») оорулууну айыктырууда жардамчы - дух боло- Руна ишенишкени жөнүндө маалыматтар бар. Итке тотем катары мамиле жасоо алгачкы общиналык коомдо эле пайда болгон. Эң алгачкы колго үйрөтүлгөн үй айбаны иттин тотем катары калып- тануусу чыгыш теги карышкырга байланыштуу болуусу мүмкүн. Барак - жору, саяк урууларынын курамындагы уруктар катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү