Баракзай династиясы
Баракзай (Пушту بارکزی) — 1826-жылдан 1973-жылга чейин Ооганстанды башкарган династиясы. Мухаммад Захир шахтын тушунда монархиянын жоюлушу менен династиянын башкаруусу аяктаган. Баракзай династиясы Ахмед шах Дуррани негиздеген Дурани династиясы кулатылгандан кийин Дост Мухаммад хан тарабынан негизделген. Бул мезгилде Ооганстан түштүк жана чыгышта англичандарга, батышта ирандыктарга, түндүктө орустарга өз аймагынын көбүн жоготкон. Ооганстанда көптөгөн чыр-чатактар, анын ичинде үч ири Англия-Ооган согушу жана 1929-жылдагы жарандык согуш болду.[1][2]
Башкаруучулардын тизмеси
түзөтүү- Дост Мухаммад хан (1827—1839, 1845 — 9 июня 1863)
- Акбар хан (1842—1845)
- Шер Али хан (12-июнь 1863 — 5-май 1866, 21-февраль 1868 — 21-февраль 1879)
- Мухаммад Афзал хан (5-май 1866 — 7-октябрь 1867)
- Мухаммад Азам хан (7-октябрь 1867 — 21-февраль 1868)
- Мухаммад Якуб хан (21-февраль 1879 — 28-октябрь 1879)
- Абдурахман хан (11-август 1880 — 3-октябрь 1901)
- Хабибулла хан (3-октябрь 1901 — 20-февраль 1919)
- Насрулла хан (21-февраль — 28-февраль 1919)
- Аманулла хан (28-февраль 1919 — 14-январь 1929)
- Ханыша Сорая Тарзи (29-ноябрб 1899 — 20-апрелб 1968 года)
- Гулам Мухаммад Тарзи (1830—1900)
- Инаятулла хан (14-январь 1929 — 17-январь 1929)
- Мухаммад Надир шах (17-октябрь 1929 — 8-ноябрь 1933)
- Мухаммад Захир шах (8-ноябрь 1933 — 17-июль 1973)
- Ахмад Шах хан (23-июль 2007 — азыркы учур)[3]