Баракөөрүк, турбо компрессор борбордон четтөөчү көөрук (компрессор). Ал үч түрдө болот:

  • 1. Борбордон четтөөчү күчтүн таасири астында газ кысылып, баракөөрүктүн огунан четке алыстоо менен ылдамдыкка ээ боло турган калактуу көөрүк. Мында бишкектүү көөрүккө караганда пайдалуу аракет коэффициенти жогору жана газ басымынын соккусу жокко эсе болот.
  • 2. Жумушчу бөлүктүн басымын жогорулатуучу газ баралуу кыймылдаткычтын негизги агрегаты.
  • 3. Ичинен күймө кыймылдаткычта абаны соруп, күйүү камерасына үйлөп киргизүүчү, иштетилген газды сыртка соруп чыгаруучу агрегат. Баракөөрүктүн жардамы менен ичинен күймө кыймылдаткычтын кубаттуулугун 30% ке чоңойтууга болот. Кыймылдаткычтын цилиндрлерине абанын кириши. Иштетилген газды кыймылдаткычтын цилиндринен соруп аба баракөөрүктүн түзүлүшү:
  • 1 газ берүүнү жөндөөчү бурама түтүк;
  • 2 газ баранын жумушчу дөңгөлөгү;
  • 3 баранын чубуртма аппараты;
  • 4 — көөрүктүн дөңгөлөгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4