Баркы - бүгүнкү алтайлыктардын тилинде таяке тарабынан жээнге сөзсүз түрдө энчилеп берилүүчү «белек-бечкек», «жээндин энчиси» деген маанини аныктайт. Бул байыркы салт Түштүк Сибирдин элдеринде кенен таралып, анын айрым элемент- тери учурда кыргыздардын каада-салтында (мал-жан, буюм энчилөө салты) сакталып келүүдө. Термин кыргыздарда «кадыр-барктуу» (тай тарапка баркы бар), «барктуу» формаларындагы лексика катары колдонулуп келет. «Баркы» термини энелик доордон эле белгилүү болуусу ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү