Барле-Нассау (Баарле-Нассау; Нидерланддар тилиндеги айтылышы: [ˌbaːrlə ˈnɑsʌu] — Нидерланддардын түштүгүндөгү муниципалитет жана шаар, Түндүк Брабант провинциясында жайгашкан. 2019-жылы анын калкы 6,847 кишиден турган.
Бул шаар - Бельгия менен Нидерланддардын ортосундагы татаал чек ара жайгашкан аймак. Бельгиянын Баарле-Хертог шаарынын көптөгөн чакан эксклавдары дал ушул нидерланддык шаардын ичинде жайгашкан. Ошол эле учурда, бул бельгиялык эксклавдардын айрымдарынын ичинде нидерланддык Нассаунун кайчы эксклавдары бар.

Барле-Нассау муниципалитетинин топографиялык картасы, июнь 2015-жыл.

Географиялык абалы түзөтүү

Бельгиянын Баарле-Хертог жергеси менен чек арасы түзөтүү

Барле-Нассау Баарле-Хертог аттуу Бельгиянын эксклавы менен татаал чек аралары аркылуу тыгыз байланышкан. Баарле-Хертог өзүнчө 26 жер тилкесинен турат. Зондерейген деп аталган жана Бельгиянын Мерксплас шаарынын түндүгүндө жайгашкан негизги тилкеден тышкары, Нидерланддарда 22 бельгиялык эксклав жана Голландия-Бельгиянын чек арасында үч башка тилке бар. Ошондой эле нидерланддык алты эксклав да орун алган, жетинчиси - Бельгиянын эң ири эксклавынын ичинде, сегизинчиси - Зондерейгенде жайгашкан. Эң кичинекей бельгиялык тилке, H7, жергиликтүү калк тарабынан Де Ловерше Аккерс деп аталган, жана 2.469 чарчы метр көлөмгө ээ.

Чек аранын мындайча татаалдыгы Бреда лорддору менен Брабант герцогдорунун ортосундагы орто кылымдардагы көп сандаган келишимдерден, макулдашуулардан, жер алмашуудан жана сатуудан келип чыккан. Жалпысынан алганда, негизинен айыл чарба же курулган чөйрөлөр Брабанттын курамына кирген, ал эми башка бөлүктөрү Бредага берилген. Бул бөлүштүрүү ратификацияланган жана 1843-жылы Маастрихт келишиминин учурунда пайда болгон чек ара конуштарынын бир бөлүгү катары такталган.

Түшүндүрүү жана туристтердин кызыгуусун арттыруу үчүн чек ара бардык көчөлөрдө темир эн казыкчалар менен белгиленип көрүнүп турат. Ушундай жол менен кимдир бирөө Бельгияда (Баарле-Хертог) же Нидерланддарда (Барле-Нассауда) экендиги ар дайым айкын болот.

 
Барле-Нассаудагы Бельгиянын жана Голландиянын аймагы

Бул абал үйдүн номурларында да көрүнүп турат: үй номурларынын стили эки өлкөдө тең ар кандай жана көп учурда номурдун жанынан Голландиянын же Бельгиянын желегин таба аласыз.


 
Голландия менен Бельгиянын ортосундагы чек ара. Барле-Нассау шаарынын көчөсү.

Батыш Европадагы Бельгия менен Нидерланддардан тышкары, Перс (Арап) булуңундагы Нахва жергесинде кеминде бир башка улуттук кайчы-эксклав (анклавдын ичинде камтылган анклав) бар; бул - Бириккен Араб Эмираттарынын анклавы; ал Бириккен Араб Эмираттарынын ичиндеги Оман Султанатынын анклавында жайгашкан.

Сүрөт галереясы түзөтүү

Тышкы интернет шилтемелери түзөтүү