Бельгия (нидерл. België, МФА: [ˈbɛlɣijə]; фр. Belgique, МФА: [bɛlˈʒik], нем. Belgien, МФА: ˈbɛlɡi̯ən]), ырасмый аты — Бельгия Кыралдыгы (нидерл. Koninkrijk België, фр. Royaume de Belgique, нем. Königreich Belgien) — Батыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан Германия, түштүк чыгышынан Люксембург, түштүгүнөн жана түштүк батышынан Франция менен чектешет. Түндүк-батышын Түндүк деңизи чулгайт. Аянты 30,5 миң км2. Калкы 10,4 млн (2005). Борбору Брюссель шаары. Расмий тилдери: француз, нидерланд, немис тилдери. Бельгия-федерациялык мамлекет болгондуктан үч аймакка: Вавилон, Фламанд жана Брюссель админстративдик аймагы жактан Брюссель агломерациясына жана 10 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги евро. Бельгия БУУнун (1945), Европалык экономикалык уюмунун (1957), Европа кеңешинин (1949), ЕККУнун (1975), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын мүчөсү.

Бельгия Королдугу
нидерл. Koninkrijk België
фр. Royaume de Belgique
нем. Königreich Belgien

Герб
Туу Герб
Урааны: «Eendracht maakt macht» нидерл. 
«L’union fait la force» фр. 

«Einigkeit macht stark» нем. 
»
«Биримдик күч жаратат»
Гимн: «La Brabançonne» («Брабансонна»)»
Бельгия дүйнөлүк картасында
Эгемендүүлүк күнү 1830-ж.
Расмий тили нидерландча, франсузча жана немисче
Борбор шаары Брүссел
Ири шаарлар Антверпен, Гент, Шарлеруа, Льеж, Брүссел, Брүгге
Башкаруу формасы конституциялык монархиясы
Кырал Филипп
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
136 - дүйнөдө
30 528 км²
6,4
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

11 521 238 адам (79)
376 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2019)
  • Ар бир жанга

619 млрд $ (35)
54 029 $ (17)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы ({{{ИДӨ (номинал) эсептөө жылы}}})
  • Ар бир жанга

529,7 млрд $ (25)
46 237 $ ([[ИДӨ

(номинал) ар бир жанга боюнча мамлекеттердин тизмеси|19]])

Этнохороним белгиялык, белгиялыктар
Акча бирдиги евро
ISO коду BE
ЭОК коду BEL
Бельгия.
Бельгия.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005): түзөтүү

Аймактар жана провинциялар Аянты, км2 Калкы, миң Адм.борбору
Валлон аймагы 16856 3386,0 Льеж
Валлон Брабант 1091 363,4 Вавр
Льеж 3862 1028,8 Льеж
Люксембург 4451 256,0 Арлон
Намюр 3665 455,4 Намюр
Эно 3787 1282,4 Монс
Фламанд аймагы 13511 6038,0 Гент
Антверпен 2867 1677,6 Антверпен
Батыш Фландрия 3134 1136,7 Брюгге
Лимбург 2422 810,0 Хасселт
Фламанд Брабанты 2100 1037,3 Лёвен
Чыгыш Фландрия 2982 1376,4 Гент
Брюссель аймагы (Брюссель агломерациясы) 161 1019,0 Брюссель

Географиялык абалы түзүлүшү түзөтүү

Бельгия федерациялык мамлекет. [Конституциясы 1831-ж. 7-февралда кабыл алынган, 1994-ж. 17-февралда өзгөртүүлөр киргизилген)]. Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекет башчысы король. Аткаруу бийлигин король менен премьер министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Сенат). Саясий партиялары: Либералдык реформалар партиясы (франкофондор), Соц. партия (франкофондор), Социал-христиан партиясы, Фламанд либералдар жана демократтар партиясы, Социал. партия (фламандыктар), Христиан Элдик партиясы, Фламанд блогу. Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түздүк ээлейт; ал түндүк-батыштан, Түндүк деңиздин жээгинен түштүк-чыгышты карай бийиктейт. Эң бийик жери Арденна тоосу, 694 м (Ботранж чокусу). Жээк бойлой жайгашкан дюналар улам өрдөгөн сайын польдерлер (кургатылган саздак жерлер) тилкеси, Фландрия, Кампин жайпак түздүктөрү менен алмашат. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо температурасы Арденнада -1°Сден деңиз жээгинде 3°Сге чейин, июлдуку 14°Сден 19°Сге чейин. Жылдык жаан чачыны түздүктөрдө 700-900 **, тоолордо (Арденна) 1500 ммге чейин. Негизги дарыялары Мёз (Маас), куймалары Урт. Самбра; Шельда, куймалары Лейе, Дандр. Кенбайлыктарынан көмүргө бай, ошондой эле темир, коргошун, цинк, жез, сурьма кендери, гранит, мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн маданий ландшафттар ээлейт. Бокаж (токой тилкелери менен бөлүнгөн эгин талаалары жана шалбаа жерлер) мүнөздүү. Өлкөнүн аймагынын 24% ин жазы жалбырактуу токой бук, эмен, граб, кайың ж. б. ээлейт (негизинен Арденнада). Польдерлерде жана дарыя жайылмаларында шалбаа, дюналарда верещатниктер өсөт. Жалпы аянты 78,4 миң га болгон 4 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен От-Фань жаратылыш паркы бар.

Калкы түзөтүү

Калкы негизинен фламанддар (56%), валлондор (32%), ошондой эле немистер менен француздар да жашайт. Динге ишенгендеринин 57% католиктер, 1,7% протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б. Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөнүн бири. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 342 киши. (Европада 2-орунда; Нидерланддан кийин). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 75,4, аялдарыныкы 81,9 жаш. Шаар калкы 96,7%. Ири шаарлары: Антверпен, Гент, Шарлеруа, Льеж, Брюгге.

Тарыхы түзөтүү

Байыркы замандан өлкөнүн аймагын белг уруулары мекендеген (өлкөнүн аты ушундан улам келип чыккан). Биздин заманга чейинки 57-ж. Цезарь тарабынан басып алынып, Рим империясынын курамына кошулган. Б. з. 3-5-кылымдарда Бельгиянын аймагына герман франк уруулары көчүп келишет. 5-9-кылымдарда Бельгия Франк мамлекетинин курамында болот. 10-12-кылымдарда аймакта шаар куруу, жүндөн кездеме токуу, металл иштетүү, соода өнүгөт. 12-кылымда Бельгия Европанын «өнөрканасына» жана эл аралык соода түйүнүнүн борборуна айланат. 14-15-кылымдардын акырында Бельгиянын аймагы (1384-ж. Фландрия, 1430-ж. Брабант) Бургундия мамлекетине кирет. Бургундия мамлекети кыйрагандан кийин, Бельгияда Габсбургдар династиясынын (1477, толугу менен 1482) бийлиги орнойт. 15-кылымдын башында Нидерланд деп аталган 17 провинциянын бир аймагы катары (Бельгиянын азыркы аймагы, Нидерланд, Люксембург жана Түндүк Франциянын бир бөлүгү) анын курамына кирген. Европадагы өлкөлөрдө капиталисттик мамилелер өнүгө баштаганда, Нидерланд алдыңкы орунга чыккан. 1576-жылдагы көтөрүлүш Бельгиянын провинцияларында испаниялык бийликти жок кылуу менен аяктаган, Нидерланддын түндүк провинциялары менен келишим түзгөн. Бирок Бельгиядагы феодалдык-католиктик реакция Испания менен союз түзүп, кыймылды баскан. Түдүк. Нидерланд (Голландия Респ.) жана Түштүк Нидерланд (Бельгиянын аймагы) саясий, экономикалык жактан эки түрдүү жол менен өнүккөн. Көзкаранды эмес Голландия Республикасынын экономикасы гүлдөп, Испаниянын колунда калган Түштүк Нидерланддын экономикасы төмөндөгөн, капитализмдин өнүгүшү токтогон. Испандык мурас үчүн болгон согуштардын натыйжасында Бельгия австриялык Габсбургдардын (1714-ж.) бийлигине карап калат. 1794-ж. Наполеон империясынын курамына кирип, ал кулаган соң, Вена конгрессинин чечими боюнча, Голландия менен Вильгельм I башкарган Нидерланд королдугуна биригет. Бул мезгилде өнөржайы бир кыйла өнүгүп, темиржолдор салынган, банктар ачылган. 1830-ж. Голландия үстөмдүгүнө каршы чыккан Бельгия реввлюциясы жеңишке жетишип, Улуттук конгресс тарабынан Бельгия королдугунун көзкаранды эместиги жарыяланган, ошол эле жылы беш улуу держава (Улуу Британия, Россия, Франция, Австрия жана Пруссия) Лондондо өткөн конференцияда Бельгиянын көзкаранды эместигин таанып, аны 1831-ж. түбөлүк бейтарап өлкө катары жарыялашкан. 1831-ж. Улуттук конргессте кабыл алынган конституция өлкөдө конституциялык монархиянын орногондугун белгиледи. Дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш мезгилинде Б.ельгия немис армиясы тарабынан оккупацияланган. Согуштан кийин өлкөнү кезек менен социалдык жана католиктик партиялар башкарган. 1960-ж. Конгого, 1962-ж. Руанда-Урундиге эгемендикти берген. Бельгия НАТОнун (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун) мүчөсү. Брюсселде НАТО Кеңешинин жана Европадагы бириккен куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын штабквартирасы жайгашкан. 1958-ж. Нидерланд жана Люксембург менен союз түзүү жөнүндөгү келишимге (Бенилюкс) кол койгон. 20-кылымдын 60-70-жылдарында Бельгияда фламанддыктар (нидерланд тилинде сүйлөшкөндөр) менен валлондуктар (франк тилдүүлөр) ортосунда оор мамилелерден улам абал татаалдашып кеткен. Жаңжалдан улам 994-ж. өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Бельгия федерациялык мамлекет катары, ал эми Фландрия менен Валлонияда өзалдынча өкмөттөр түзүлгөн. 2003-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордон кийин Г. Верховстад жетектеген жаңы өкмөт шайланган. Экономикасы. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 316,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүшгүргөндө 30 600 доллардан (2004; АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясында өнөржай менен курулуштун үлүшү 25,7%, айыл, токой жана балык чарбасыныкы 1,3% (2004). Өлкөнүн экономикалык структурасынын негизги өзгөчөлүгү банк капиталынын басымдуулугу. Бельгия минералдык сырьёлорго жарды. Көмүр казылып алынат (учурда токтотулган). 2002-ж. 76,6 млрд кВт EJ электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 58% АЭСке туура келет (Бельгия дүйнөдө 2-орунда, Франциядан кийин). Өлкөнүн түндүгүндө Мол шаарында эларалык ядро изилдөөчү ири борбор (тез нейтрондуу 3 реактору менен), ошондой эле Евратом атом изилдөө бюросу, ядро отунун кайра иштетүүчү (Батыш Европа өлкөлөрү үчүн) ишканасы жайгашкан. Болот өндүрүү боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен, алдыңкы катарда турат (2001-ж. 11,3 млн о). Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш, химия (пластмасса, жасалма була, каучук), кара металлургия, металл иштетүү жана машина куруу (анын ичинен автомобиль куроочу тармагы өнүккөн), текстиль, айнек (айнек менен күзгүнү экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда), кыймылдаткыч, жүк жүктөөчү транспорт жабдуулары, текстиль машиналарын куруу. Түстүү телевизор (көпчүлүгү экспорттолот), илгертен курал-жабдыктарды чыгаруу өнүккөн. Сода, жер семирткич жана пластмасса синтездөө үчүн органикалык сырьё, кинофотоматериалдар, медикаменттер чыгаруучу заводдору бар. Кебез-кездеме, кылторко, жасалма жибек өндүрүшү иштейт. Алмаз кырдалат (Антперпенде). Бриллиант соодалоонун борбору. Килем токуу, кийим тигүү, булгаары-буткийим, мебель өнөржай ишканалары иштейт. Айыл чарбасынын негизги тармагы эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы. Бельгиянын аймагынын 1/2нен ашыгы айыл чарбага жарактуу, анын 45% шалбаа жана чабынды, 55% ин дан эгиндери ээлейт. Айыл чарбасында калкынын 3% гана эмгектенгени менен, өлкө айыл чарба продуктусуна болгон ички керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Канткызылчасы, жашылча-жемиш, дан -эгиндери өстүрүлөт. Бодо -мал, чочко асыралат. Бельгия сүт продукцияларын өндүрүү боюнча Европадагы эң ири мамлекеттерден болуп саналат. Темиржолунун узундугу 3,5 миң км (анын ичинен 2,6 миң кми электрлештирилген; анын жыштыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда). Автомобиль жолунуку 149,0 миң км. Дарыяларында (Шельда, Маас) кеме жүрөт. Деңиз соода флотунун тоннажы 1146,3 миң рег. бр.-о (2005). Башкы деңиз порту Антверпен, андан башка ири порттору Брюгге, Гент, Остенде, Брюссель. Сыртка автомобиль жана өнөржай жабдууларын, кара жана түстүү металлдар, химия, текстиль продуктуларын, зергерчиликке колдонулуучу алмаз чыгарат. Сырттан энергетикалык сырьёну, азык-түлүк, машина жана жабдууларды алат. Негизги соода шериктештери: Германия, Франция, Нидерланд, Улуу Британия, АКШ.

Маданияты түзөтүү

Бельгиядагы алгачкы чиркөө мектептери орто кылымда уюшулган. 18-кылымдын аягында менчик мектептер пайда болгон. 1914-жылдан негизги окуу жөнүндө (6-14 жаш) мыйзам кабыл алынган. Башталгыч жана орто мектептерде окуу фламанд жана француз тилдеринде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн мамлекеттик секторун Билим берүү министрлиги, менчик мектептер католиктик окуунун секретариаты тарабынан көзөмөлдөнөт. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерден (3-6 жаш), башталгыч (6-жылдык) мектептерден турат. Билим берүүнүн негизги принциптери О. Декороли тарабынан иштелген. Орто мектепте 6 жылдык мөөнөт менен окулуп, 2 баскычка (3 жылдан) бөлүнөт. Биринчи баскычы 3 бөлүмдөн классикалык, азыркы жана орто билим алганга чейинки, 2-баскыч классикалык бөлүм латын-грек, латын-математика, латын-табигый, учурдагы окуу бөлүмү табигый-илимий, коммерциялык болуп бөлүнөт. Атайын билим берүү атайын жана техн. мектептерден туруп (6 жыл), башталгыч мектептин базасында иштейт. Тех. мектептерде 1-баскычты бүтүргөндөн окулуп, андан кийин жогорку тех. мектептерге жолдомо алышат. Бельгияда 21 ЖОЖ (анын ичинен 5 университет) бар. Ири китепканалары: Бельгия улуттук (1837), университеттик (1846). Музейлери: Король азем өнөр искусство (Антверпенде, 1890; анын ичинен байыркы жана заманбап искусство), Король азем өнөр жана тарых (1835), Тервюрендеги Борбордук Америкалык королдор (1897), Муниципалдык сүрөт галереясы (1930, Брюгге). 1924-жылдан радио уктуруу, 1953-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Учурда массалык маалымат каражаттары (33 күнүгө, 28 аптасына) француз, немис, нидерланд тилдеринде чыгат. Коомдук (3 теле, 5 радио каналы; француз тилинде), жана менчик (30дан ашык теле, 800 радиостанция) телерадио компаниялары иштейт. Бельгиянын француз тилиндеги алгачкы жазма эстеликтери 12-кылымга таандык. Орто кылымдагы бельгиялык адабияттын негизги жанры тарыхый хроника жана крест жортуулу тууралуу эпикалык айтымдар. «Окассен жана Николет» аноним ыр-жомогу Фландрияда түзүлгөн. 13-14-кылымда куртуза адабияты (фабльо, повесть, ыр, рыцарь романдары) өнүккөн. Белгилүү менестрелдери (эшик ырчылары) Ж. де Конде, В. де Кувен. «Түлкүнү такка отургузуу» аттуу аноним романы 1280-ж. ченде жарык көрсө, 14-кылымга «Фландрия хроникасы» (Ж. Фруассара) таандык. 15-кылымдан новелла жанры («Жаңы 100 новелла», А. де. ла Саля) пайда болгон. Француз акындарынан таасирленип А. дю Эке, Л. де Мазюр ж. б. «Плеяданын» таасиринде жазышкан. 18-кылымдын ортосунан Бельгиянын адабиятында трактат пайда болгон. Жаңы агымдын борбору Льеж шаары болуп, Вольтердин чыгармалары, «Энциклопедиялык журнал» басылган жана адабиятт коомдору, ийримдер уюшулган. 19кылымдын башында романтика духундагы чыгармалар пайда болуп, бирок бельгиялык романтиктер Ж. Байронду, кийинчерээк В. Гюгону туурашкан. 20-кылымдын 20-30-жылдарында Ф. Элленс М. Горькийдин чыгармаларынан таасирленип, роман жараткан. Фламанд тилиндеги адабияты 18кылымдын башына чейин Нидерланд адабиятынын бир бөлүгү болгон. 16-кылымдын аягында нидерланддык маданият Бельгиянын түндүгүндө жайгашса да Нидерланд тилинде өнүккөн, бирок 17-кылымдан фламанд адабияты аталган. 19-кылымдын 2-жарымында сын реализмине жакын адабиятт өнүгөт. 20-кылымдын башында декадент чыгармалары жазыла баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тынчтыкты, демократияны жактаган жазуучулар: М. Дейзе, П. ван Акен. Бельгиянын аймагында кельт жана байыркы Рим искусствосунун эстеликтери сакталган. Орто кылымда тез байып келаткан сода өнөржай шаарлары Бельгиянын феодалдык ээликтерине майдаланып бөлүнүп кетишине байланыштуу көркөм маданияттын роман (11-12-к.), готика стилиндегилери пайда болгон. 1566-1609-ж. Бельгиянын искусствосунда өзүнчө мектеп пайда болуп, ал 18-кылымдын акырына чейин фламанд искусствосу аталып, анда барокко стили эски салттуу Нидерланд маданияты менен бирдикте өнүккөн. 17-кылымдагы фламанд сүрөт өнөрүндө П. П. Рубенс көрүяүктүү орун ээлейт. Анын көптөгөн жолун жолдоочулардан А. ван Дейк, Я. Йорданс өзгөчөлөнүшкөн. Ф. Снейдерс ири көлөмдөгү натюрморт жаратса, Л. Ван Уден пейзаж тарткан. Италия сүрөтчүлөрүнөн таасирленишкендер: Караважо, А. Янсинс, Г. Сегерс, Т. Ромбаутс. Фламанд сүрөтүнүн көчүрмөлөрү жезге (гравюра), жыгачка, шпалерага түшүрүлгөн. Фландрия, Брабант колго токулган торлору менен даңталган. 19-кылымдын 80жылдарында архитектуранын модерн стили калыптанган. Кийинчерээк турак жана коомдук жайларды курууда учурдагы архитектуранын принциптери колдонулган.

Музыкасы улуттук каада-салттын негизинде түзүлгөн. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү фламанддар нидерланддык маданий салттары менен, түштүгүндөгү валлондор Франциянын маданиятынан таасирленишкен. Бул улуттук өзгөчөлүктөр фольклордо да, профессионал музыкалык искусстводо да байкалат. Бельгия музыкасы франко-фламанд Нидерланд мектебинен (15-16-к.), Кайра жаралуу доорунда пайда болгон полифония искусствосу Батыш Европанын композиторлор мектебинен таасирленген. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Я. Обрехт, А. Вилларт, Жоскен Депре, Орландо Лассо. 17-кылымда Б.ельгиянын музыкасынын авангарддык ролу төмөндөйт, анткени эң белгилүү композиторлору Францияга иштеп кеткен. Скрипка боюнча улуттук мектеп ачылган. Бельгиянын белгилүү музыка ишмерлери: Ж. Абсиль, Р. Дефоссе, Ф. Кине, А. Сури, М. Пот ж. б.; дирижёрлору: Ф. Андре, Д. Дефо; скрипачтары: А. Грюлью, К. ван Несто. Брюссель ири музыкалык борбор, анда «Де Ла Монне» театры, концерт коому, симфониялык оркестр ж. б. бар. Эларалык конкурстар: Брюсселде королева Елизавета атындагы музыкант-аткаруучулардын (1951-жылдан, дүйнөлүк атакка ээ), Гентте И. С. Бах атындагы органчылардын (1958жылдан), Льежде кылдуу аспапчылар квартеттеринин (1951-жылдан) конкурстары өткөрүлүп турат. Антверпенде (1893), Гентте (1900) опера театры иштейт. Бельгиянын театр маданияты француз жана фламанд тилинде өнүккөн. 13-15-кылымдарда литургиялык (латын тилинде), морамит жана мистерия (француз жана фламанд тилинде) драмалары коюлуп келген. 16-17-кылымдарда театр искусствосу диний куугунтуктоонун натыйжасында токтогон. 19-кылымдын аягы -20-кылымдын башында Бельгия театр искусствосунун өнүгүшүнө драматургдар М. Метерлинк, Ш. ван Лерберга, Ж. Роденбаха, М. Дютерм зор салым кошкон. Бельгиянын залкар драматургдары Ф. Краммелинк, М. Гельдерод, Х. Клоссон, Х. Трейлинг, Г. Мартенс. Сахна өнөрүвүн улуттук мектеби калыптана албады, анткени Бельгиянын көрүнүктүү актёрлору, режиссёрлору четке кетишкен. Эски театрлары менен катар жаңы театрлар пайда болуп, мамлекеттик труппалар түзүлгөн. Театр ишмерлерин Брюсселдеги королдук консерватория даярдайт. 1908-ж. Харревелде алгачкы киностудия уюшулуп, 1-фильми тартылган. 1919-ж. Бельгия кинокомпаниясы, 1922-ж. «Бельгия фильми» киностудиясы ачылган. 20-жылдардын аягынан кинорежиссёрлор Ш. Декёкелер, А. Строк, А. Ковен, кийинчерээк П. Хасартс этногр., искусство таануу ж. б. фильмдерди тартып, кинонун ушул жаатында ири жетишкендиктерге ээ болушкан. Брюсселде Бельгия синематикасы иштейт, анда 1962ж. музей ачылган. Бельгияда бир нече кинематография институттары бар. Брюссель менен Гент шаарында эларалык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Бельгияда көптөгөн карнавалдар өткөрүлөт. Белгилүүлөрү: Бинштегл карнавалы, Ыйык Канн (май, Брюгеде), Ыйык Николай күнү балдар карнавалы (6-декабрь). Король азем иск-во (Антверпен; П. П. Рубенстин ж. б. Фламанд сүрөтчүлөрүнүн белгилүү коллекциялары коюлган), валлон иск-во музейлери (Льежде), 13-к-га таандык базар аянты (бийикт. 108 м коңгуроолуу мунарасы м-н), Ыйык Сальватор собору (XIIIXIV к.), чиркөөлөр, ратуша (XIV к.), Ымыркай көтөргөн Мадоннанын капка, цитадель, готика стилиндеги Нотр-Дам собору (1211-ж.; Ван Дейктин сүрөттөрү сакталган), Ыйык Бавон собору (Х к-дын күмбөздөрү ж-а даңктуу «Гент алтары» м-н), бийикт. 121,9 м шпиль (шиш найза) сакталган. О. эле Льежде Ыйык Павел чиркөөсү (Х к.), сот сарайы (XVI к.), Брюссель готика стилиндеги борб. аянт (XV к.), королдор сарайы, Ыйык Михаил чиркөөсү (XIII к.) бар.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4


Европа Биримдиги  
Мүчөлөр: Австрия · Бельгия · Болгария · Германия · Грекия · Дания · Ирландия · Испания · Италия · Кипр · Латвия · Литва · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Нидерланд · Польша · Португалия · Румыния · Словакия · Словения · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швеция · Эстония
Ырасмый талапкерлери: Албания · Босния жана Герцеговина · Молдова · Монтенегро · Сербия · Түндүк Македония · Түркия · Украина
Дараметтүү талапкерлери: Грузия · Косово
Мурдагы талапкерлери: Улуу Британия