Барокух – тарыхый топоним, Ош шаарынын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты.

Ал адабиятта 14-кылымдын башынан белгилүү. Адегенде (1303-ж.)кашкардык тарыхчы Жемал Карши Барака формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Барокух – тоо, Ош чебинин түштүк-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан кужра («таш үй») тургандыгы,анын ылдыйкысын 1496–1497-ж. өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каңылтыр ж. б. буюмдар жасалаары; тоодон чоң булак агып түшкөндүгү ж. б. жөнүндө жазат. Барокух фарсы, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух–тоо маанисинде).

Кийин бул энчилүү ат унутулуп тоо бара-бара Сулайман тоосу аталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү