Бартолинитжыныс кынынын кире беришиндеги чоң бездердин (бартолини бездери) сезгениши. Бартолинит бездин бөлүп чыгаруучу түтүгүнө оору козгоочу микробдор — гонококк, стрептококк, стафилококктор киргенде пайда болот. Гонококк пайда кылган бартолинитте көпчүлүк учурда чыгаруучу түтүктүн эки тарабы тең сезгенет. Башталышында ал анча билинбейт, жыныс кынынын кире бериши катууланып, бир аз ооруйт, кээде чаткаяктын оң жана сол жагы сайгылашат. Эгерде ооруну дарылабаса шишик чоңоюп бездин түтүгүн бүтөп калышы мүмкүн.

Бартолинит.

Бул учурда сезгенүүдөн пайда болгон ириңдүү секрет түтүккө чогулуп, абсцесс пайда болот. Бездин түтүгү бүтөлүп, ириң чогулганда бартолини безинин көлөмү чоңоюп, дене ысыйт. Оорулуу төшөккө жатууга туура келет. Ириң толгон жер өзүнөн өзү жарылышы мүмкүн, андан кийин дененин ысышы басылып, оорулуунун абалы жакшыргансыйт. Бирок, бир нече убакыттан кийин оору кайталанып, тешик пайда болуу менен кабылдашы мүмкүн. Бул учурда операция жасоого туура келет. Ошондуктан жыныс кынынын кире бериши бир аз катууланса жана ооруса догдурга кайрылуу керек. Ооруну өз убагында дарылоо анын кабылдоосунун алдын алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8