Барчынбек Бугубаев
Бугубаев, Барчынбек Асанбекович – акын. 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган.
1981–1988-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Эмгек жолун университетти бүткөндөн кийин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган. 1990-жылдан «Путь к знаниям» («Билимге жол») гезитинин редактору, 1991–1995-жж. Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 2000-жылдан Чүй университетинде эмгектенген.
Чыгармачылык жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталат.
1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүү- Ак бороон: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 52 б.
- Адамзатка кайрылуу: Поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 200 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|