Баскетбол (англ. basket — себет, ball — топ) - бул беш оюнчудан турган эки команданын арасында өтүүчү спорттун бир түрү.

Баскетбол ойночу топ
[Асеков Эмирдин легендарлуу голу

Оюндун эрежелери түзөтүү

Баскетбол узундугу 26 м, туурасы 14 м болгон төрт бурчтуу атайын аянтчада ойнолот. Оюнчулар атаандашынын корзинкасына топту кол менен ыргытып түшүрүшөт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, секирүү, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнөздөлөт.

Оюндун пайдалары түзөтүү

Баскетбол ойноо адамдын таяныч-кыймыл аппаратын өнүктүрөт жана бекемдейт. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын функциясын, кыймыл координациясын жакшыртат. Организмдин күчү жана чыдамкайлыгы өсөт. Баскетболду балдарга үйрөтүүнү 9—10 жашынан, атайын машыгууларды 11 —12 жашынан баштаса болот. Ал эми мелдештерге катышууга 1 —1,5 жыл машыгуудан кийин уруксат берилет. Баскетбол ойноодо кызыл ашык муундарынын чоюлушу, кол манжаларынын муундан чыгып кетиши жана башка травмалар болушу ыктымал. Кырсыктардын алдын алууда оюн аянтынын туура түзүлүшү, оюндун эрежелерин сактоо, бутка чак, ыңгайлуу спорттук бут кийим кийүү маанилүү. Баскетболдун элементтери айыктыруу физкультурасында колдонулат. Баскетбол — дене тарбиянын жана активдүү эс алуунун мыкты каражаты.

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8