Басма табак - басылыштын (мисалы, китеп, гезит-журнал) анык көлөмүн эсептөө бирдиги; 60x90 см форматтагы кагаз барагынын бир бетиндеги көлөм. Басылмалардагы көлөмдүк өлчөм автордук, эсептик (карасөз м-н жазылган 40 000 басма белги, ырдын 700 сабы, графикалык материалдардын 3000 см2 көлөмү автордук же эсептик басма табак болот), шарттуу (басылманы пландоо жана эсептөөдө 60x90 см формат боюнча эсептелет) басма табак болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4