Басуу (оюн)
Эрежелер
түзөтүүОюнчулардын саны 5—15 киши.
Оюнга даярдануу: Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүЖетекчисинин буйругу боюнча катышуучулар белгиленген аралыктан жөө басып тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.
Оюндун башка дагы түрлөрү
түзөтүүТаяк таянып басуу, таякты желкеге коюп басуу, таякты белге коюп басуу, дөңгө басып чыгуу, дөңгө басып түшүү, кумда басуу, сууда басуу, карда басуу, айдалган жерде басуу, ылай жерде басуу, чөптө басуу.
- Оюндун эрежеси: Буйруктан мурда басууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, жүгүрүүгө, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.
- Оюндун мааниси, Күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Бойду түз, тыкан алып жүрүүгө, келбеттүүлүккө үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3 Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|