Басып алуучулук - Кандайдыр бир мамлекеттин өзүнө тиешелүү болбогон аймакты басып алып, аны экономикалык максатта колдонуусу жана бул жерлерден алынган кен байлык, табигый булактарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалануусу.

Колониализмде басып алган өлкө колонизатор деп аталат жана бул өлкөдөн белгилүү сандагы адамдар басып алынган жерлерге көчүрүлүп келип, ал жердеги кен байлык менен табигый булактардын иштетилишин башкарат жана көзөмөлгө алат. Ушул жерде колониализм менен империализмди бири-биринен айырмалоого болот. Империализмде негизги максат саясий, экономикалык максаттарга жетүү үчүн жергиликтүү калкты колдонуу жана стратегиялык көзөмөл болот. Белгилүү сандагы адамдар басып алынган жерге көчүп келбестен эле ал жерлер аскердик күчтүн негизинде башкарылат жана көзөмөлдөнөт.

Колониализмде болсо экономикалык жаатта кен байлыктарды колдонуу жана жергиликтүү калкты башкаруу үчүн отурукташкан башкаруу системасы болуш керек. Башкача айтканда, ар бир империализм колониализм деп аталбайт, бирок 30 ар бир колониализмде бир империалисттик көз караш өкүм сүрөт. Себеби колонизатор деп аталган башкаруучу жана анын айтканын аткарган белгилүү сандагы басып алуучу тараптын адамдары калкты башкаруу жана кен-байлык, табигый булактарды өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына иштетүү үчүн аскердик күчтөрдү колдонот. Колониализм XV кылымда башталган. Жаңы материктердин ачылышы менен океандагы аралдар менен материктер колонияга айланган.

Өзгөчө Испания менен Португалия өз саякатчыларынын жардамы менен бир тараптан Түштүк Америкага, экинчи тараптан да Түштүк Азияга колониализм системасын жеткирген жана ал жерлерде колониялдык императорлуктарды курган. Кийинчерээк өнөр жайдын өнүгүшү менен XIX кылымда Англия, Франция, Бельгия жана Голландия эң алдыңкы колониалисттик мамлекеттерге айланган. XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында Германия, Италия жана Япония бул тармакта башка өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша баштаган. Бул абал колониалисттик мамлекеттердин ортосундагы өз ара пикир келишпестиктерди жараткан жана жыйынтыгында I Дүйнөлүк согуштун чыгышына себепкер болгон.

Колониалисттик өлкөлөрдөн Англия Индияда, Индия океанындагы аралдардын бир бөлүгүндө, Түштүк жана Чыгыш Африка менен кээ бир арап өлкөлөрүндө жана Американын кээ бир жерлеринде колониялык системаны орноткон. Франция болсо Индия океанындагы аралдардын калган бөлүгү менен Батыш жана Түндүк Африка жана Жакынкы Индонезия аралдарын басып алган. Бельгия Африкадагы Конго аймагын өзүнө караткан. Испаниянын Түштүк Америкадагы өзүнө каратып алган эски колониялары тарап, жалгыз гана Африкадагы кээ бир жерлер анын колониясы болуп калган. Португалия да Түштүк Америкадагы колонияларынан айрылып, Индия менен Кытайдагы кичинекей аймак менен Африкадагы кээ бир жерлерди гана башкарып калган.

XVIII кылымдын аягында саясий жактан бириккен Германия менен Италия да XX кылымдын башында башкалар сыяктуу колониалисттик мамлекет болууга умтулушкан. 31 1960-жылдан кийинки учур колониализмдин токтолушуна күбө болгон. Өзгөчө Африкада бул мезгилде жаңы мамлекеттер пайда болгон. 1945-жылы 51 мамлекеттин ортосунда түзүлгөн БУУга 1974-жылы 135 мамлекет, 1979-жылы 152 мамлекеттин мүчө болушу Африка менен Азиядагы колониализмден кутулган мамлекеттердин көбөйгөндүгүн билдирет. БУУ да бул багытта жигердүү иштерди жүргүзгөн. 1960- жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында 1514-номердүү «Колониялык абалдагы мамлекеттер менен элдерге эгемендүүлүк берүү декларациясы» кабыл алынган. Айрыкча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 4-комитети колониализмди жоюу үчүн антиколонизациялык иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9