БатекеБорбордук Африкадагы эл. Конго дарыясынын орто агымында, Конго Республикасынын, Конго Демократиялык Республикасынын жана Габондун территорияларында жашайт.
Жалпы саны 800 миңден ашык адам. Анын ичинде Конго Республикасында 508 миң, КДР 267 миң, Габондо 54 миң.

Батеке

Батеке үй-бүлөсү
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 800 миң
 Конго Республикасы — 508 миң
 Конго Демократиялык Республикасы — 267 миң
 Габон — 54 миң

Тили

китеке

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери,
Христианчылык

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

Эне тили — китеке. Ал тил банту уясына кирет. Француз тилинде да сүйлөшөт.

Көпчүлүк жергиликтүү салтту ишенимдердин жолдоочулары. Калгандары — христиандар.

Чарбалык иштер

түзөтүү

Тропикалык дыйканчылык (маниок, буурчак өсүмдүктөрү), балык уулоо жана жыйноочулук (жемиш).
Кээ бирлери май пальма плантацияларында жана шаардык өнөр жай ишканаларында иштешет.

Кошумча фактылар

түзөтүү

Габондун президенти (1967-2009-жылдары) Омар Бонго батек элинин өкүлү болгон[1].

Булактар

түзөтүү
  1. Congo : décès de Charles Ganao, ancien Premier ministre de Lissouba

Тышкы шилтемелер

түзөтүү